Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 6-июлда Санкт-Петербургда «Газпромдун» жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб кабарлады.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери талкуулашты.
Тараптар КР менен «Газпромдун» ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын конструктивдүү жана жемиштүү ишин улантуу зарылчылыгы жөнүндө макулдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө КР менен Россиянын газ менен камсыздоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуусунун негизги маселелери талкууланды.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media