«Тундук» системасы ишке киргенден бери 1 млрд ашык суроо-талаптар түшкөн
«Тундук» системасы ишке киргенден бери 1 млрд ашык суроо-талаптар түшкөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Тундук» мамлекеттик мекемесинин директору Чынгыз Аманатов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө системада 204 катышуучу катталган, анын 77си мамлекеттик, 127си коммерциялык мекеме.
«1 млрд ашык суроо-талаптар берилди. Биздин мамлекеттик органдар жана коммерциялык уюмдар бир топ кагазды жана калктын убактысын үнөмдөштү», - деди ал.