Бийлик
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров бүгүн Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Өлкө лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр