Бийлик
Садыр Жапаров Финляндияга "жашыл" энергетика тармагында кызматташууну сунуштады
Президент Садыр Жапаров, 18-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Садыр Жапаров кызматташуунун