Бизнес
"Шоро" компаниясы Пакистанда өндүрүшүн ачууну талкуулады
"Шоро" компаниясынын өкүлдөрүнөн турган делегация Пакистанга барып, жергиликтүү ишкерлер менен биргелешкен ишканаларды ачуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат. Министрликтин маалыматына караганда, 14-августта "Шоро" компаниясынын өкүлдөрүнөн турган делегация Пакистандын Равалпинди соода-өнөр жай палатасына барып, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү жана