Бизнес
Улуттук банк төрт банктын жетекчилигине талапкерлерине макулдугун берди
Улуттук банк төрт банктын жетекчилигине талапкерлерине макулдугун берди. Бул тууралуу мекеменен маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын көз карандысыз шариат кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна Рафаил Татиковдун талапкерлигине макулдук берилди. Ошондой эле, «Капитал Банк» ААКтын башкы бухгалтери – бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна Асель Шеркулованын талапкерлиги кабыл алынды.