Улуттук банк төрт банктын жетекчилигине талапкерлерине макулдугун берди

Улуттук банк төрт банктын жетекчилигине талапкерлерине макулдугун берди

Улуттук банк төрт банктын жетекчилигине талапкерлерине макулдугун берди. Бул тууралуу мекеменен маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын көз карандысыз шариат кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна Рафаил Татиковдун талапкерлигине макулдук берилди.

Ошондой эле, «Капитал Банк» ААКтын башкы бухгалтери – бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна Асель Шеркулованын талапкерлиги кабыл алынды.

«ФинансКредитБанк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна Эркебай Мурзабеков дайындалды.

«Евразиялык Сактык Банкы» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна Азамат Акматовдун талапкерлине макулдук берилди. Ушул эле банктын директорлор кеңешинин мүчөсү жана аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Динара Арзибаева дайындалды. Ошондой эле, директорлор кеңешинин мүчөсү жана тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Нурлан Исабеков кабыл алынды.

Read more

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек. Акча которуулардын артыкчылыктары: * Комиссия 0%* * Которуулар бир заматта чегерилет * Ыңгайлуу конверсия курстары «Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот: * "Рекомендуем"

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Талас облусундагы Жерүй ГЭСин «Альянс Гидро» жана РКӨФ компаниялары курат. Тараптардын ортосундагы келишимге 12-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунда кол коюлган. «Альянс Гидро» компаниясынын жетекчиси Александр Абрамов белгилегендей, тараптар ГЭСтин курулушун 25 млн долларга каржылоо боюнча келишимге кол коюшту, анын кубаттуулугу жылына 100гө жакын мегаваттка чейин жетет, жылына 1