Кыймылсыз мүлк
Батирлерди үстөк пайызсыз берсек МИК банкрот болот – С.Жапаров
Президент Садыр Жапаров 2020-жылга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания жөн гана банкка айланып калганын Кеңештин жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы мурда ипотекалык насыялар банктар аркылуу 14%дык үстөк менен берилип келгенин эске салды. “Мен кызматка келгенден кийин ипотекага үй алгандардын абалын сурасам, 16 миң сом айлык алып, ипотекага 24 миң сом төлөшөт