Гранттар жана кредиттер
GIZ Оштун “Тез жардам” борборун толугу менен санариптештирүүгө жардам берди
Ош шаардык медициналык “Тез жардам” борборунда санариптештирүү жана электрондук башкаруу тутумун ишке киргизүү боюнча иштер толугу менен аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Электрондук башкаруу тутуму диспетчерлердин тез жардам тобу менен өз ара байланыштарын бекемдеп, чакыруу жөнөтүлгөндө алардын жайгашкан жерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, медициналык жардам көрсөтүүнүн ылдамдыгын жана сапатын жогорулатат.