Коом
Бишкектин мэриясы жүргүнчүлөргө «Тулпар» картасын сатып алууну сунуштады
20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынгандыктан, мэрия жүргүнчүлөргө «Тулпар» картасын сатып алууну сунуштады. Маалыматка ылайык, жарандар төмөнкү жолдор менен төлөй алышат: • үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген); • Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары; • виртуалдуу NFC картасы; • Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;