Бишкектин мэриясы кайсы конуштар жаратылыш газына туташтырылып жаткан тизмесин жарыялады

Бишкектин мэриясы кайсы конуштар жаратылыш газына туташтырылып жаткан тизмесин жарыялады

2023-жылы «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасына ылайык, 9 объектиде: «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Ак-Тилек Турбаза», «Бакай-Ата», «Ала-Арча», "Төкөлдөш", "Попеновка", "Жогорку Көк-Жар" жана  Товарная көчөлөрүндө газдаштыруу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.

Газ түтүктөрүн куруунун жалпы пландалган узундугу 58.5 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө 13.5 км (23%) «Ала-Арча», «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-Турбаза», «Ак-Тилек-2», «Бакай-Ата», «Төкөлдөш» конуштарында курулуш иштери жүрүп жатат.  Даярдоо иштери 3 объектте жүрүп жатат: «Попеновка», «Жогорку Көк-Жар» жана  Товарная көчөсү.

Учурда газдаштырылган конуштардагы үйлөрдү жаратылыш газына кошуу иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө 18 миң 558 турак жай газдаштырууга кошулду. Шаар боюнча 2023-жылдын башынан бери газ тармагына кошулган жаңы абоненттердин саны 5542 бирдикти түздү.

Урматтуу шаардыктар, абанын булганышын азайтуу максатында жылуулуктун альтернативдүү түрүнө өтүүнү сунуштайбыз

Еще статьи из категории

Еще статьи из категории

Featured Type 6 Posts Type 4 (three columns) Black