Коом
Суусамырда 5 миң форель чабагы дарыяларга коё берилди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан балыктандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын алкагында Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына куйган сууларга Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын 5 миң даана чабактары коё берилди. Бул иш-чара