Бишкектин мэриясы 165 эскирген автотранспортун аукцион аркылуу сатат – шарттар

Бишкектин мэриясы 165 эскирген автотранспортун аукцион аркылуу сатат – шарттар

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти 2023-жылдын 27-ноябрында «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» МИ жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автобазасынын балансындагы эскилиги жеткен 165 даана автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт. Бул тууралуу шаардык мэрисы билдирди.

Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн арыз ээси Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:

·         лоттун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;

·         жеке арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документ;

·         арыз берүүчү юридикалык жактын жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке адамдын же юридикалык жактын-арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;

·         кепилдик төлөмдүн (депозиттин) төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документтери.

Арыздар 2023-жылдын 13-ноябрына чейин Бишкек ш., Чокморов к. 246. дареги боюнча кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө 400 метр мыйзамсыз балык тору алынды

Ысык-Көлдө 400 метр мыйзамсыз балык тору алынды

Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө колдонууга тыюу салынган 400 метр синтетикалык балык уулоочу тор алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Президенттин №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Ысык-Көл көлүнүн акваториясында браконьерлик фактыларын аныктоо боюнча пландуу рейд өткөрүштү. Ыкчам иш-чаралардын

Кыргызстан эл аралык издөөдө жүргөн эки адамды Польшага өткөрүп берди

Кыргызстан эл аралык издөөдө жүргөн эки адамды Польшага өткөрүп берди

Кыргызстан эл аралык издөөдө жүргөн эки жаранды Польша Республикасына экстрадициялады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Интерполдун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросу жана Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн эки адамды Польша Республикасына экстрадициялоону камсыз кылды. Аталган адамдар Польшанын соту тарабынан

УКМК Ошто курал-жарактын жашыруун кампасын аныктады

УКМК Ошто курал-жарактын жашыруун кампасын аныктады

Ош облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дарылардын ири көлөмдөгү жашыруун жайы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, табылган курал-жарактар "Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон. Текшерүү учурунда төмөнкүдөй курал-жарактар жана ок-дарылар алынган: * 12 даана Калашников автоматы (АК); * 2 даана согуштук тапанча

Базар-Коргондо 853 млн сомдук ирригациялык долбоор башталды

Базар-Коргондо 853 млн сомдук ирригациялык долбоор башталды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо долбоорунун алкагында Жаңы-Жогорку-Акман жана Левая-Ветка сугат каналдарынын курулушу башталып, “мезгил кутучасы” салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты. Долбоор Президенттин тапшырмасы менен сугат тармагын өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында