Кыргызстан эл аралык издөөдө жүргөн эки адамды Польшага өткөрүп берди

Кыргызстан эл аралык издөөдө жүргөн эки адамды Польшага өткөрүп берди

Кыргызстан эл аралык издөөдө жүргөн эки жаранды Польша Республикасына экстрадициялады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Интерполдун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросу жана Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн эки адамды Польша Республикасына экстрадициялоону камсыз кылды.

Аталган адамдар Польшанын соту тарабынан адам өлтүрүүгө аракет кылуу, каракчылык, опузалап талап кылуу, сойкулукту уюштуруу жана ири көлөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Алар куралдуу уюшкан кылмыштуу топтун ишмердигине байланыштуу издөөдө жүргөн.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Кыргызстан трансчегаралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташууну мындан ары да улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Эл аралык уюмдар Кыргызстандын суу тармагына 172 млн доллар бөлөт

Эл аралык уюмдар Кыргызстандын суу тармагына 172 млн доллар бөлөт

Эл аралык каржы уюмдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр Кыргызстандын сугат тутумун жаңылоо үчүн жалпысынан 172 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу "The Times of Central Asia" басылмасы жазды. Маалыматка ылайык, каражат өлкөдөгү сугат каналдарын жана ирригациясын жакшыртууга багытталат. Долбоор суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, дыйкандарды сугат суу менен туруктуу камсыз

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарын облусуна барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарын облусуна барат

Президент Садыр Жапаров 23-июнда, Нарын облусуна иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы аймактын тургундары менен жолугушуп, ири инфраструктуралык, турак жай жана социалдык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышмакчы. Мындан тышкары, Президент жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин Нарын облусунун учурдагы социалдык-

Ак-Кудук айыл өкмөтүнө 68 миң сом айып пул салынды

Ак-Кудук айыл өкмөтүнө 68 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ак-Кудук айыл өкмөтүндө мыйзамсыз таштанды талаасы аныкталып, 68 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жооптуу тарапка аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүү баракчасы тапшырылып, тиешелүү талаптарды белгиленген мөөнөттө аткаруу милдеттендирилди.

Президент дипломаттарга жана авиаторлорго сыйлык тапшырды

Президент дипломаттарга жана авиаторлорго сыйлык тапшырды

Президент Садыр Жапаров 22-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө олуттуу салым кошкон дипломаттарды жана авиаторлорду сыйлады. Президент иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан өзүнүн эгемендик тарыхындагы