Базар-Коргондо 853 млн сомдук ирригациялык долбоор башталды

Базар-Коргондо 853 млн сомдук ирригациялык долбоор башталды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо долбоорунун алкагында Жаңы-Жогорку-Акман жана Левая-Ветка сугат каналдарынын курулушу башталып, “мезгил кутучасы” салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты.

Долбоор Президенттин тапшырмасы менен сугат тармагын өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылууда. Анын негизги максаты – аймактардагы эскирген ирригациялык инфратүзүмдү жаңылап, суу өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана суу коромжусун азайтуу.

Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасынын жалпы узундугу 39,01 чакырымды түзөт. Анын ичинде Левая-Ветка каналы – 15,78 чакырым, ал эми Жаңы-Жогорку-Акман каналы – 23,23 чакырым. Долбоордун жалпы сметалык баасы 853,4 млн сомду түзүп, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарбасын жакшыртуу" программасынын алкагында каржыланууда.

Долбоор аяктагандан кийин Базар-Коргон шаары, Сайдыкум жана Акман айыл аймактарындагы 8225 гектар сугат жер суу менен камсыздалып, 114 миңден ашуун тургун анын пайдасын көрөт. Жаңы сугат тутумун ишке берүү 2028-жылдын декабрь айына пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен