Бишкек шаарын тегерете курчаган айланма жол курулат

Бишкек шаарын тегерете курчаган айланма жол курулат

Бишкек шаарын айланта курчаган айланма жол курулары пландалып жатканын шаар мэри Айбек Жунушалиев АКИpress маалымат агенттигине билдирди. 

“Чыгыш жана түштүк айланма жолдору келечекте бир айланма системасын, башкача айтканда, сырткы, ортоңку жана ички айланма жолун түзүш керек. Ошондо гана жолдор ачылат. 10-октябрга жакын биз Калинин көчөсүн ачабыз, андан соң Ауэзов көчөсүнө өтөбүз. Ошону менен аны чыгыш айланма жолу катары түштүк тарабынан туюктайбыз”,-дейт калаа башчысы.  

Эске салсак, буга чейин Шаардык транспорт жана жол-транспорт инфраструктураларын өнүктүрүү департаментинин орун басары Абдыжапаркул Жанболотов транзиттик унааларды шаартын сыртындагы жолдорго чыгаруу пландалып жатканын айткан. 

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргызстандын аэропорттору" ААКсы беш учакты аукционго койду

"Кыргызстандын аэропорттору" ААКсы беш учакты аукционго койду

"Кыргызстандын аэропорттору" ААКсы "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында жайгашкан, пайдаланууга жараксыз болуп калган беш аба кемесин сатуу боюнча ачык аукцион жарыяланганы аукциондун маалыматтык картасында көрсөтүлгөн. Аукционго үч Як-40, бир Ил-18 жана Boeing 737-200 учактары коюлган. Баштапкы баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн, аукциондун кадамы — лоттун

16-декабрда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү убактылуу токтотулат

16-декабрда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү убактылуу токтотулат

16-декабрда Бишкек шаарында Элебаев көчөсүндөгү диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн жылдыруу иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 19:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы маалымдады. Суу берүү турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана социалдык-тиричилик объектилерине чектелет. Өчүрүү аймагы Ж.

Бишкекте БА менен АКШнын экономикалык кызматташтыгын талкуулаган форум өтөт

Бишкекте БА менен АКШнын экономикалык кызматташтыгын талкуулаган форум өтөт

12-декабрда Бишкекте 2026-жылдын 4–5-февралында өтө турган Экинчи "В5+1" Форумун даярдоого арналган брифинг болуп өттү. Ага Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, форум 2025-жылдын 6-ноябрында Вашингтондо өткөн "С5+1" саммитинде жетишилген макулдашууларды

Кыргызстанга Хакасиядан 23 миң 300 метр куб жыгач экспорттолгон

Кыргызстанга Хакасиядан 23 миң 300 метр куб жыгач экспорттолгон

Хакасия жана Тыва республикалары 2025-жылдын январь–ноябрь айларында региондон экспортко 24 миң 36 кубометр ийне жалбырактуу жыгач жөнөтүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4%га көп экенин Россия ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди. Негизги көлөм — 22 миң 200 метр куб (92,2%) — Тажикстанга жөнөтүлгөн. Калган жыгач