Айбек Жунушалиев: Бишкектин жолдорундагы тыгындарды азайтууга чыгырыктар жардам берет

Сүрөт: Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт: Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек щаарынын бийлиги чыгырык тебүүгө тыюу салбайт, бирок аларды коопсуз колдонуунун так эрежелерин белгилейт.

Шаар бийлиги Бишкектин көчөлөрүнөн чыгырыктарды алып салбайт. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардын транспорт тармагын жакшыртууга арналган ачык эксперттик жыйында билдирди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мэр чыгырыкчылар жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга тоскоолдук жаратпай, коопсуз жүрүүсү үчүн шарт түзүү зарылдыгын белгиледи.

«Биз «Урбан Хаб Бишкек» биримдигинин өкүлү Алексей Журавлев айткан айрым сунуштарды ишке ашырууга даярбыз. Бардык жол кыймылынын катышуучуларына түшүнүктүү болгон так эрежелерди киргизүү керек», - деди Жунушалиев.

Ошондой эле ал, чыгырыктар жеке мобилдик каражат катары, авто унааны колдонбостон А чекитинен В чекитине жетүүгө мүмкүндүк бергендиктен, бүгүнкү күндө жолдогу тыгындар азайып жаткандыгын кошумчалады.

Изилдөөчү Алексей Журавлев өз баяндамасында Токтогул көчөсүндөгү веложолду бөлүүнү, борбордук көчөлөрдө вело өтмөктөрдү түзүүнү, Ала-Тоо аянтындагы веложолду узартууну, ал эми чыгырыкчы менен жөө жүргүнчүлөрдүн ортосундагы чыр-чатакты азайтуу үчүн көчөдөгү веложолдордо кыймылдын багыттарын көрсөтүүнү сунуштады.

«Урбан Хаб Бишкек» биримдигинин маалыматы боюнча, Бишкек шаарындагы велоинфраструктуранын жалпы узундугу 46 километрди түзөт, анын 54% тротуарларда, 7% жолдордо, калгандары парк аймактарында.

Мындан тышкары окуңуз

Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды

Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды

Талас облусунда ИИМдин Тергөө кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Э.М.А. Түркиянын жаранынын акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кармалганын УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын апрель айында милиция кызматкери Түркиянын жараны Х.К.нын ишенимине кирип, кымбат баалуу "паслён" тукумундагы чөп өсүмдүктөрүн отургузуу жана өстүрүү, кийин

Быйыл Нарын облусунда 66 чакырымдан ашык СИП кабель тартылат

Быйыл Нарын облусунда 66 чакырымдан ашык СИП кабель тартылат

Быйыл Нарын облусунда 66,36 чакырым 10/0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин тартуу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул иштер Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында ишке ашырылат. Долбоор “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан каржыланып, апрель айынан башталып, октябрь айынын аягына чейин

Бишкектеги Исакеев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай акы төлөнүүчү тартипке өттү

Бишкектеги Исакеев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай акы төлөнүүчү тартипке өттү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Исакеев көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайда тартипке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын директору Бакай Асылбек уулу аталган аймакка барып, кырдаалды жеринде жөнгө салды. Текшерүүнүн жүрүшүндө уруксат берилбеген жерлерге токтотулган, ошондой эле дарыгерлер,

"Саякат" комплекси менен "Достук" мейманканасын оңдоого 30 млн доллар жумшалат

"Саякат" комплекси менен "Достук" мейманканасын оңдоого 30 млн доллар жумшалат

Бишкек шаарында туристтик "Саякат" комплекси жана "Достук" мейманкана комплекси капиталдык реконструкциядан өтүп жатат. Бул объектилер азыр Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Санаторий-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектилерди башкаруу дирекциясынын карамагында. Дирекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, "Саякат" комплексин жаңылоого россиялык компания тарабынан тартылган инвестиция көлөмү