Бишкекте №153 экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады

Бишкек шаарында бүгүндөн тарта №153 "Асанбай – "Манас" эл аралык аэропорту" экспресс-маршруту боюнча түнкү каттамдар жүрө баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бул чечим "Жол кеңеши – 2025" алкагында кабыл алынган.
Эми жүргүнчүлөр аэропортко жана кайра шаарга түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түнкү каттамдардын убактысы: 00:00; 03:00 жана 05:00.
Эскерте кетсек, маршрут экспресс болуп саналат, токтоочу жайлар так аныкталган. Белгиленбеген жерде токтоо — жол эрежесин бузуу болуп эсептелет.