Айып пулдарды төлөтүү үчүн жаңы тартиптер киргизилет

Айып пулдарды төлөтүү үчүн жаңы тартиптер киргизилет

ИИМ Жол кыймылынын эрежелерин бузганда төлөнүүчү айыппулдарды төлөбөгөндөргө каршы күрөшүү үчүн айрым мыйзамдарга түзөтүү киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору нормативдик-укуктук актыларды коомдук талкууга алуу үчүн ачылган Бирдиктүү порталга жарыяланды.

Маалымдама-негиздемеге ылайык мамлекеттик органдарга айып пулдарды төлөбөгөндөрдүн транспорт каражаттарын каттоого жана кайра каттоого, аларга айдоочулук күбөлүк берүүгө, кыймылсыз мүлккө байланыштуу келишимдерди түзүүгө, ошондой эле лицензия, уруксат берүүгө тыюу салынат. 

ИИМдин маалыматы боюнча 2025-жылдын 6 айында мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 853,6 миң протокол түзүп, анын 202,5 миң сом айып пулу эмдигиче төлөнө элек. “Бул мекемелер менен жарандардын айып пулдарды төлөөдөгү ак ниетсиздигин көрсөтүп турат”,-делет маалыматта. 

Ошол эле кезде Милициянын жол кайгуул кызматы бүгүн 3 сааттын ичинде 31 мыйзам бузууну каттап, айдоочуларга жалпы 465 миң сом айып пул салган.  

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Кыргызстандан Красноярск шаарына 14 365 тотукуш жеткирилген

Былтыр Кыргызстандан Красноярск шаарына 14 365 тотукуш жеткирилген

2025-жылы Кыргызстандан Красноярск шаарына 14 миң  365 декоративдүү канаттуулар, негизинен түстүү тотукуштар, ажырагыс тотукуштар жана кореллалар жеткирилген. Бул тууралуу Красноярск аймагы боюнча Россиянын Айыл чарба жана ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Россиянын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пунктунда (Красноярск эл аралык аэропорту) мекеменин адистери канаттууларга ветеринардык көзөмөл

Тигүү тармагындагы ишканалар жеңилдетилген насыя ала алышат

Тигүү тармагындагы ишканалар жеңилдетилген насыя ала алышат

Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы №1-тескемеси менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын ЧОИ субъекттерин пайыздык чендерди субсидиялоо жолу менен жеңилдетилген кредиттөө" долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Бул долбоордун алкагында тигүү тармагындагы ишканалар ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик уюмдар аркылуу жеңилдетилген кредит ала алышат. Кредиттөө төмөнкү банктар аркылуу жүргүзүлөт:

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

2025-жылы Кыргызстанда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы медициналык мекемелерде 3 145 комплекстүү текшерүү жүргүзгөн. Анын ичинен 959 текшерүү жеке клиникаларда өткөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжар Темирбеков билдирди. Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2 245 санитардык талаптар берилген, ал эми 1 111 жооптуу адам

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму(JICA) Кыргызстанга 11 млн 600 миң доллар өлчөмүндө кайтарымсыз каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов билдирди. Анын айтымында, каражаттар Ош шаарындагы түштүк аймагына кызмат көрсөткөн референс-ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат. Гранттын алкагында төмөнкү жабдууларды сатып