Бишкек шаарынын жаңы генпланында коомдук транспорттун 3 системасы сунушталды

Бишкек шаарынын жаңы генпланында коомдук транспорттун  3 системасы сунушталды

2050-жылга чейинки Бишкек шаарынын планында жеткирүү жөндөмдүүлүгү жогору жүргүнчү ташуучу коомдук транспорттун 3 жаңы системасын түзүү каралып жатат. 

Документке ылайык,  биринчиси – Кожомкул жана Покровка айылдары менен агломерациялык байланыш кылган “батыш-борбор-чыгыш” багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу ички шаардык транспорт. Бул темир жолдун 28 километрин электрлештирүү, бир жолдуу участоктордо экинчи жолдорду куруу, “Бишкек-1”, “Бишкек-2”, “Сокулук”, “Аламүдүн” темиржол станцияларын оңдоо, 4 жаңы жана 4 мурдагы темир жол аялдама пункттарын реконструкциялоо, ошондой эле темир депосун куруу болжолдонуп жатат. 

Экинчи система ­ – пландаштырылган автобекетке кошула турган, “түштүк – борбор” жана “түштүк-батыш – түштүк-чыгыш” багыты боюнча жүргүнчүлөрдү тейлөөчү жеңил релстүү  транспорт(трамвай). Бул система боюнча жалпы узундугу 45,1 километр келген трамвай линиясын жана депосун куруу болжолдонгон. 

Үчүнчү система ­– жалпы узундугу 93,4 километрге созулган “түндүк – түштүк” жана “түндүк – борбор” багытындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу, автовокзалдарга, “Манас” эл аралык аэродромуна кошулган метробус.   Мындан сырткары, шаардын жаңы планында автобус, электробустар үчүн 685,4 чакырым магистралдык жол түйүнүн куруу каралып жатат. 

Мындан тышкары окуңуз

"Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат

"Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат

Жер пайдалануу жана көзөмөлдөө башкармалыгы (ЖПКБ) Бишкектеги "Ориентал" кафесинин жанындагы курулушун демонтаждаларын билдирди. Кафе жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан жана мамлекеттик акт боюнча С.Каралаев көчөсү, 45 дарегинде катталган. ЖПКБнын маалыматына ылайык, кафенин чыгыш тарабында жеке менчиктен тышкары, муниципалдык жерге уруксат документтери жок курулуш жүргүзүлүп, Аламүдүн дарыясынын үстүнө

"Кыргызстан аэропортторунун" экономика, финансы жана стратегиялык өнүгүү боюнча директору алмашты

"Кыргызстан аэропортторунун" экономика, финансы жана стратегиялык өнүгүү боюнча директору алмашты

"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын аткаруучу органынын курамында өзгөрүүлөр болду. Кыргыз фонду биржасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18-февралындагы директорлор кеңешинин чечими менен экономикалык, каржы жана стратегиялық өнүгүү боюнча директор — мүчө катары иштеп келген Медербек Курманбековдун ыйгарым укуктары мөөнөттөн мурда токтотулду. 2026-жылдын 19-февралынан тартып экономикалык, каржы жана стратегиялық өнүгүү боюнча директор — жаңы

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

Ак-Суу районунда 1,2 млрд евролук "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа кластеринин курулушу мониторингден өткөрүлгөнүн Экономики жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Вице-министр Медер Туманов мамлекеттик маанидеги долбоордун аткарылышын текшерди. Бул долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курортторун бириктирип, аймакты эл аралык деңгээлдеги жыл бою иштеген борборго айлантууну максат

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү карап чыкты. Документ Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык, камсыздандыруу пулу (бирикмеси) юридикалык жак макамын алып, каражатты камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнөн түзөт. Финансы рыногун жөнгө салуу