Алматы – Каракол авиакаттамы жакында ишке кирет

Алматы – Каракол авиакаттамы жакында ишке кирет

2025-жылдын 5-декабрынан тарта Asman Airlines авиакомпаниясы Алматыдан “Каракол” эл аралык аэропортуна түз авиарейстерди ишке киргизерин “Кыргызстан аэропорттору” ААКсы билдирди. 

Маалыматта белгиленгендей, учуулар аптасына 2 жолу, жума жана жекшемби күндөрү саат 11:35да  Алматыга, 12:35те кайра Караколго жүргүзүлөт. Билет баасы 6500 сом. 

“Бул багыттагы авиарестерди калыбына келтирүү аймактык жүк ташууларды өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болот. Алматы жана Каракол аба байланышы буга чейин 2010-жылдары болгон, бирок, 1970-жылдардан бери туруктуу каттамдар болгон эмес”,-делет маалыматта. 

Маршруттун негизги артыкчылыктары:

-Түз рейс – 35 мүнөттө тез жана ыңгайлуу сапар кылуу;

- Жумасына эки жолу учуу – эс алууну кыска сапардан толук эмгек өргүүсүнө чейин пландоонун ийкемдүүлүгүн камсыздайт. 

Жаңы рейс активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн, айрыкча Караколду аймактагы эң популярдуу тоо лыжасы катары тандап алган Казакстан жарандары үчүн ылайыкталган.  

Мындан тышкары окуңуз

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россия бийлиги визасыз режимдеги КМШ мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарына карата эрежелерди катаалдаштырууну даярдап жатканын Коммерсантъ басылмасы жазды. Финансы министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан тарта мигранттар патентти өздөрү үчүн гана эмес, жашы жете элек балдары жана башка багуусундагы адамдар үчүн да төлөөгө милдеттүү болушат. Алар үчүн төлөм негизги сумманын 50%ы

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Мурдагы УКК башчысынын хан сарайынан алынган буюмдарды сатуу уланып жатат. Астанада өткөн электрондук аукциондо Масимовдун үйүн тинтүү учурунда алынган самурай кылычы жана булгаары кур сатылды деп билдирет Orda.kz. Баштапкы баасы 461 миң теңге болгон кылыч 3 миллион 413 миң 825 теңгеге сатылды. Кылыч болоттон жасалган жана кыны кара түстө,

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу