Россияга Кыргызстандан 1,5 миңге жакын жүктүү унаа киргизилди

Россияга Кыргызстандан 1,5 миңге жакын жүктүү унаа киргизилди

Владимир Путин Кыргызстан менен Казакстандан ЕАЭБ маркировкасы жок товарларды убактылуу киргизүүгө уруксат бергенден кийин Россияга 1,5 миң жүктүү унаа киргенин Федералдык бажы кызматы билдирди. 

“Россияга көрсөтүлгөн эрежени сактоо менен товар киргизүү бажы ишмердүүлүгү жаатындагы милдеттемелерди жана Россия мыйзамдарына ылайык товарларды маркировкалоо боюнча милдеттемелерди  сактабаганга жатпайт. Мындай схема менен 12-ноябрда 1 миң 491 унаа кирген”,-делет маалыматта. 
Жарлыкка ылайык, эгер товарды алуучу россиялык юридикалык жак болсо жана жеткирүүчүдө кабыл алуучудан Россия бажы органына жазылган товарды бажы мыйзамына ылайык декларация кылуу милдеттемеси жөнүндө кат түрүндөгү билдирүүсү болсо маркировкасы жок товар өлкөгө киргизилет. 

Эске салсак, ЕАЭБ бардык мамлекеттер кошумча процедураларсыз мындай продукциялардын ЕАЭБ территориясындагы кыймылын, пайда болушун жана өзгөчөлүгүн  көзөмөлдөй ала турган товарларды маркировкалоо боюнча пилоттук долбоорун тесттен өткөргөн. 

Сентябрда Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Михаил Мишустин аталган система ЕАЭБ аймагында толук масштабдуу ишке киргизилүүгө даяр экенин билдирген. 

Мындан тышкары окуңуз

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

13-апрелде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү тууралуу токтом долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Медер Чотонов билдиргендей, документтин максаты энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

Ишкер айым Мээрим Ош шаарындагы "Келечек" базарын көчүрүү маселесин көзөмөлгө алууну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон суранды. Анын айтымында, сырттан жардам болбосо, "Келечек" базары коррупцияга батып, бул абалдан чыга албай жатат. Ал түшүндүргөндөй, базарды көчүрүү тууралуу сөз болгондо соодагерлер биригип ассоциация түзүшкөн. Бирок азыр бул ассоциациянын башчысы