"Кыргызстандын аэропорттору" ААКсы беш учакты аукционго койду

"Кыргызстандын аэропорттору" ААКсы беш учакты аукционго койду

"Кыргызстандын аэропорттору" ААКсы "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында жайгашкан, пайдаланууга жараксыз болуп калган беш аба кемесин сатуу боюнча ачык аукцион жарыяланганы аукциондун маалыматтык картасында көрсөтүлгөн.

Аукционго үч Як-40, бир Ил-18 жана Boeing 737-200 учактары коюлган. Баштапкы баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн, аукциондун кадамы — лоттун наркынын 5%ы. Учактар Foxtrot перронунда жана топурак аянтта жайгаштырылган.

Аукционго катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 13-январына чейин vpmanas@airport.kg электрондук дареги аркылуу кабыл алынат. Аукциондун жыйынтыгы 14-январда чыгарылат жана аукцион бир нече лоттон турат:

Лот №1 — Як-40 EX-88199
Баштапкы баасы: 1 миллион 257 миң 460 сом.
Як-40 үй-бүлөсүнө кирген регионалдык реактивдүү учак, EX вариантында. Сыпаттамада VIP/чартердик борт катары көрсөтүлгөн жана ал толук комплектацияда.

Лот №2 — Ил-18 EX-405
Баштапкы баасы: 7 миллион 376 миң 870 сом.
Орто аралыкка учуучу турбовинттүү жүргүнчү учагы. Аукциондогу эң кымбат лот, толук комплектацияда.

Лот №3 — Boeing 737-200 EX-061
Баштапкы баасы: 3 миллион 511 миң 80 сом.
Кыска жана орто аралыкка учуучу, тар фюзеляждуу жүргүнчү учагы.
Абалы: эксплуатациядан алынган, моралдык жактан эскирген жана түз багыты боюнча пайдаланууга жараксыз. Айрым жабдуулары жок экени көрсөтүлгөн.

Лот №4 — Як-40 EX-87442
Баштапкы баасы: 1 миллион 118 миң 671 сом.
EX вариантында, учактын тиби жана компоновкасы боюнча негизги сүрөттөлүшү окшош.
Абалы: кыймылдаткычтары жок.

Лот №5 — Як-40 EX-87354
Баштапкы баасы: 1 миллион 118 миң 671 сом.
EX вариантында, №4 лотко окшош.
Абалы: кыймылдаткычтары жок.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы