Быйыл Кытай жарандары 5656 автоунааны Кыргызстанга алып киришкен

Быйыл Кытай жарандары 5656 автоунааны Кыргызстанга алып киришкен

Акыркы убакта жолдордо Кытай мамлекеттик номерлери тагылган автоунаалар көбөйгөнү тууралуу социалдык тармактарда көп айтылгандыктан  Tazabek басылмасы Мамлекеттик бажы кызматына тактоо алуу үчүн кайрылган.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ЕАЭБге мүчө болбогон мамлекетте катталган, жеке пайдалануу үчүн арналган транспорт каражаттары Кыргызстандын аймагында бир жылдан ашык эмес мөөнөткө жүрө алат.

"ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264-беренесине ылайык, Биримдикке мүчө болбогон мамлекетте катталган, чет өлкөлүк жеке адамдарга таандык жеке пайдалануудагы транспорт каражаттарын Биримдиктин бажы аймагына убактылуу алып кирүүгө бир жылдан ашпаган мөөнөткө жол берилет", – деп айтылат расмий жоопто.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтык тутумуна ылайык, 2025-жылдын башынан 20-ноябрына чейин "Торугарт" жана "Иркештам" өткөрмө пункттары аркылуу Кытай жарандары тарабынан 5656 автоунаа убактылуу алып кирилген. Алардын ичинен 3827 транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткен.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы