Төө-Ашууда оор унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Төө-Ашууда оор унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Бүгүн, 17-декабрдан тарта Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, чектөө №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан ашууну тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерине байланыштуу киргизилди.

Министрлик айдоочуларга жол эрежелерин сактоону жана каршы тилкеге чыкпоону эскертет. Ошондой эле кышкы шартка ылайык, унаа дөңгөлөктөрүн алмаштырып алууга чакырат.

Аймактагы кырдаал боюнча кошумча маалыматтар жана жол абалы тууралуу жергиликтүү жол тейлөө кызматтарынын билдирүүлөрүн байкап туруу сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика министрлиги III Элдик курултайда көтөрүлгөн кайрылууларды аткарууда

Энергетика министрлиги III Элдик курултайда көтөрүлгөн кайрылууларды аткарууда

III Элдик курултайда делегаттар тарабынан Энергетика министрлигине жалпысынан 59 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, кайрылуулардын көбү көмөк чордондорун куруу жана жаңылоо, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу, эски электр мамыларын алмаштыруу, газдаштыруу, чакан ГЭС куруу жана жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоого байланыштуу болгон. Учурда 8 кайрылуу толугу менен

Президент МинКаб отчетторун кароодо жана  бюджетти бекитүүдөгү "соодалашууну" сынга алды

Президент МинКаб отчетторун кароодо жана бюджетти бекитүүдөгү "соодалашууну" сынга алды

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусунда министрлер кабинетинин отчетторун кароодо жана республикалык бюджетти бекитүүдөгү "соодалашуу" (торг) практикасын катуу айыптады. "Айрым эл өкүлдөрү ачык эле соодалашууга барышат: “Менин айылымдагы бир километр жолду асфальттап бергиле, болбосо отчетко каршы добуш берем”, — дешет. Натыйжада чындап эле болгону бир километр жол

Электрондук визалардан жана Бирдиктүү уруксаттан 5 млрд сомдон ашык киреше түштү

Электрондук визалардан жана Бирдиктүү уруксаттан 5 млрд сомдон ашык киреше түштү

2025-жылы электрондук визалардын бардык түрлөрүнөн жана Бирдиктүү уруксаттан түшкөн жалпы киреше 5 млрд 60 млн 167 миң 948 сомду түзгөнүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу чет өлкөлүк жарандарга резидент-карталарды берүү боюнча өткөн брифингде билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында 326 миң 158 электрондук виза таризделген.

ИДПнын өсүшү 110%: Кыргызстан экономикасында туруктуулук сакталууда

ИДПнын өсүшү 110%: Кыргызстан экономикасында туруктуулук сакталууда

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш сакталууда. Өлкөдөгү жогорку экономикалык активдүүлүк жеке каржылоонун, ошондой эле бюджеттик каражаттардын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын өсүшү жана калктын кирешесинин жогорулашы менен камсыз кылынууда. Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү