Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө сакталууда

Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө сакталууда

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, жолдорду тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүн, 18-декабрь саат 09:00гө карата өлкөнүн ашууларында унаа каттамы бар. Бирок, Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынган жок. Учурда бул аймактарда кар жаап, жолдорду тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Ошондой эле, 17-декабрь саат 18:40тан тартып Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусундаоор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө азыркы тапта күчүндө.

Мындан тышкары, Казарман–Акталчат унаа жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык. Жарандар үчүн альтернативдүү каттамдар сунушталууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде