Бишкекте Чыгыш айланма жолунун курулушу башталды

Бишкекте Чыгыш айланма жолунун курулушу башталды

Бишкек шаарында борбор калаанын эң маанилүү инфраструктуралык долбоорлорунун бири — Чыгыш айланма автомобиль жолунун курулушу башталганын муниципалитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы транспорттук коридор шаардын чыгыш бөлүгүндө, шаардык курулуштардан тышкары аймакта өтөт. Чыгыш айланма жолунун жалпы узундугу 16 чакырымды түзөт. Долбоордун алкагында беш ири транспорттук түйүн (айрылыш жолдор) курулат, ошондой эле Кант тараптан эстакадалык көпүрө салынат.

Чыгыш айланма автомобиль жолунун долбооруна ошондой эле ага туташкан негизги магистралдык көчөлөрдү куруу жана реконструкциялоо кирет.

Тактап айтканда:

  • Лев Толстой көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (5,7 км);
  • Ахунбаев көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (3 км);
  • Сухэ-Батор көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (2 км);
  • Жукеев-Пудовкин көчөсү — А. Токомбаев көчөсүнөн Иманалиев көчөсүнө чейин (2,2 км);
  • Иманалиев көчөсү — Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин (3 км).

Чыгыш айланма жолун кошо эсептегенде, ага туташкан жолдордун жалпы курулуш узундугу 32 чакырымды түзөт.

Айбек Джунушалиевге жана башка жооптуу кызмат адамдарына Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн А. Токомбаев көчөсүнөн Иманалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүн куруу долбоору тааныштырылды. Бул объектте учурда 100гө жакын атайын курулуш техникасы иш алып барууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын 68,6%ы физикалык жактан эскиргенин "Биринчи радио" эфиринде "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасынын башкы инженери орун басары Юрий Дмитрущенко билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 4%га төмөндөгөн — буга чейин эскирүү деңгээли 72,7%ды түзгөн. "Биз авариялардын санын минималдуу деңгээлге түшүрүүгө аракет

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Рейддер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы бир катар түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Анын максаты — баңгизат жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын

Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт

Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт

1-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт: Лермонтов, Ауэзов, Ш. Баатыр жана Көлбаев көчөлөрүнүн аралыгы, ЖЭБ–Токмок каналы, ошондой эле Аламүдүн кичи району жана Куруучулар шаарчасы. Суу берүү "Каджисай" суу топтомосунда жана шаардык