АКШдан өз ыктыяры менен чыгуучуларга бекер авиабилет, 3 миң доллар убада кылынды

АКШдан өз ыктыяры менен чыгуучуларга бекер авиабилет, 3 миң доллар убада кылынды

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) жыл аягына чейин өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө макул болгон мыйзамсыз мигранттар үчүн төлөмдөр убактылуу көбөйтүлгөнү ведомствонун расмий билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүдө АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдар CBP Home мобилдик тиркемеси аркылуу ыктыярдуу депортацияга катталса, 3 миң доллар өлчөмүндө акчалай жардам жана мекенине кайтуу үчүн акысыз авиабилет алышат. Мындан тышкары, программага катышкандар миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн каралган жарандык айып пулдардан жана туум акчалардан бошотулат.

Американын Ички коопсуздук министри Кристи Ноэмдин айтымында, 2025-жылдын январынан бери 1,9 млн мыйзамсыз мигрант Америкадан өз ыктыяры менен чыгып кетсе, алардын он миңдегендери CBP Home программасынан пайдаланышкан. Анын сөзүнө караганда, Рождество майрамдарынын алдында бийлик ыктыярдуу кетүүгө берилген стимулду үч эсеге көбөйткөн, бирок бул сунуш жыл аягына чейин гана күчүндө болот.

"Мыйзамсыз мигранттар бул белектен пайдаланууга тийиш. Болбосо, алар табылып, камакка алынып, депортацияланат жана АКШга эч качан кайта алышпайт", — деди Кристи Ноэм.

Министрликте белгилешкендей, CBP Home тиркемеси аркылуу өз алдынча депортация процесси тез жана жөнөкөй: тиркемени жүктөп, маалыматтарды толтуруу жетиштүү, андан кийин сапарды уюштуруу жана анын чыгымдарын толугу менен ведомство өз мойнуна алат.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы