Бишкек санитардык полигонуна кирүүчү жол оңдолот
Бишкек санитардык полигонуна алып баруучу жол оңдолот. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол коюп, подрядчы компанияны аныктады.
Эми жолго капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Документке ылайык, Биринчи Май райондук муниципалдык администрациясы "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын көзөмөл-өткөрмө пунктунан "Борбор калаада калдыктарды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү"инвестициялык долбоорунун алкагында курулган технологиялык комплекс жайгашкан аймакка чейинки участокто жүргүзүлө турган иштердин буйрутмачысы болуп аныкталды.
Жолду капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүчү катары "Даймонд Дор Строй" ЖЧКсы белгиленди.