Сокулуктагы №366 каттамга кошумча автобус берилди

Сокулуктагы №366 каттамга кошумча автобус берилди

Бүгүн, 23-декабрда Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын адистери Сокулук районуна караштуу Чоң-Жар, Кичи Шалта жана Дача-Радуга конуштарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда буга чейин көйгөй жаратып келген коомдук транспорт маселеси жеринен талкууланды. Натыйжада, каттамды тейлеген "Восток-Запад Транзит" ЖЧКсы тарабынан №366 каттамга дагы 1 кошумча автобус коюлуп, аткарылуучу рейстердин cаны көбөйтүлдү.

Буга чейин аталган конуштары тейлеген №366 шаар четиндеги каттам ырааттамасы боюнча 1 автобус күнүнө 5 рейс аткарып келгенин белгилейбиз.

Эскерте кетсек, 22-декабрь күнү Сокулук районуна караштуу Чоң-Жар, Кичи Шалта, Дача-Радуга конуштарынын тургундары коомдук транспорт көйгөйүн айтып, социалдык тармактан кайрылуу жасаган.

Мындан тышкары окуңуз

Эки өлкө ортосунда логистикалык комплекс куруу талкууланды

Эки өлкө ортосунда логистикалык комплекс куруу талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкек шаарына расмий сапар менен келген Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан өлкөлөр ортосундагы Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 7-жыйынында жана өкмөттөр аралык кеңештин 13-жыйынында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Министрлер эки өлкөнүн чек арасындагы

"Дельфин" комплексинде 8 млн 880 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады

"Дельфин" комплексинде 8 млн 880 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады

Борбор калаанын муниципалитети "Сууда сүзүү, заманбап беш түр мелдеш, фехтование, триатлон жана дзюдо боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби “Дельфин” муниципалдык мекемесинде аудит жүргүзгөнүн шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Аудиттин жыйынтыгында каржылык тартиптин бузулушу жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, архив иши жана ички көзөмөл жаатындагы колдонуудагы

Россияда кайра иштетилчү таштанды жыйымын алуу күчөтүлөт. Автоунаалар кымбаттайт.

Россияда кайра иштетилчү таштанды жыйымын алуу күчөтүлөт. Автоунаалар кымбаттайт.

Россияда утилизациялык жыйымды кайрадан күчөтүү пландалууда. Эксперттер мунун натыйжасында автоунаалар кымбатташы мүмкүн экенин божомолдошууда. Тиешелүү өзгөртүүлөр, акыркы айлардагы экинчи корректировка катары Россия өкмөтүнүн кароосуна киргизилди. Мыйзам долбоору Россиянын Өнөр жай жана соода тарабынан даярдалган. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнөн автоунааларды алып кирүүгө байланыштуу кайра иштөөгө жарактуу таштанды (утиль) жыйымын эсептөө тартибин кайра

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Улуттук лабораториялык кызмат түзүүү боюнча жыйын болгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеде элге көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, лабораториялык диагностиканын бирдиктүү тутумун түзүү талкууланды. Анда сапат боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү, байкоо жана көзөмөл үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу