Транспорт министрлиги: 11 айда бюджетке 1 млрд 65 млн сом түштү

Транспорт министрлиги: 11 айда бюджетке 1 млрд 65 млн сом түштү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыты болгон транспорт тармагы 2025-жылдын 11 айында казынага 1 млрд 65 млн 832 миң сом түшүрдү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилинде болгон 334 млн 170 миң сомго салыштырмалуу кыйла жогору.

Министрликтин маалыматка ылайык, каражат лицензия берүүдөн, административдик айыптардан, уруксат берүү кагаздарынан, салмак өлчөмдөрүн таразалоодон жана бөлүнбөгөн жүктөрдү таштоо үчүн атайын уруксаттардан чогултулду.

Быйыл 41 мамлекет менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында 218 250 даана уруксат кагаздары берилди. Коррупциялык элементтерди жоюу үчүн жүк жана жүргүнчү ташууга лицензиялар, жүргүнчү ташууну уюштуруу сынактары жана уруксат кагаздарын берүү процесси толугу менен санариптештирилди, адам факторунун кийлигишүүсү жок кылынды.

Мындан тышкары окуңуз

Эки өлкө ортосунда логистикалык комплекс куруу талкууланды

Эки өлкө ортосунда логистикалык комплекс куруу талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкек шаарына расмий сапар менен келген Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан өлкөлөр ортосундагы Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 7-жыйынында жана өкмөттөр аралык кеңештин 13-жыйынында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Министрлер эки өлкөнүн чек арасындагы

"Дельфин" комплексинде 8 млн 880 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады

"Дельфин" комплексинде 8 млн 880 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады

Борбор калаанын муниципалитети "Сууда сүзүү, заманбап беш түр мелдеш, фехтование, триатлон жана дзюдо боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби “Дельфин” муниципалдык мекемесинде аудит жүргүзгөнүн шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Аудиттин жыйынтыгында каржылык тартиптин бузулушу жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, архив иши жана ички көзөмөл жаатындагы колдонуудагы

Россияда кайра иштетилчү таштанды жыйымын алуу күчөтүлөт. Автоунаалар кымбаттайт.

Россияда кайра иштетилчү таштанды жыйымын алуу күчөтүлөт. Автоунаалар кымбаттайт.

Россияда утилизациялык жыйымды кайрадан күчөтүү пландалууда. Эксперттер мунун натыйжасында автоунаалар кымбатташы мүмкүн экенин божомолдошууда. Тиешелүү өзгөртүүлөр, акыркы айлардагы экинчи корректировка катары Россия өкмөтүнүн кароосуна киргизилди. Мыйзам долбоору Россиянын Өнөр жай жана соода тарабынан даярдалган. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнөн автоунааларды алып кирүүгө байланыштуу кайра иштөөгө жарактуу таштанды (утиль) жыйымын эсептөө тартибин кайра

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Улуттук лабораториялык кызмат түзүүү боюнча жыйын болгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеде элге көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, лабораториялык диагностиканын бирдиктүү тутумун түзүү талкууланды. Анда сапат боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү, байкоо жана көзөмөл үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу