Ички аба каттамдардын баалары арзандайт жана туруктуу болот

Ички аба каттамдардын баалары арзандайт жана туруктуу болот

2026-жылга карата өлкө ичиндеги аймактарга болгон аба каттамдардын баалары Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык арзандатыларын президенттин басма сөз катчысы "Кабар" агенттигине Аскат Алагөзов билдирген.

Анын айтымында, ортодогу айырма Турукташтыруу фондунун каражаттары менен жабылып турат. Башкача айтканда, мурдагыдай болуп кайсыл бир аймакка уча турган каттамдын билеттери акыркы саатта кескин кымбаттап кетпейт.

"Бул демилге социалдык мүнөзгө ээ жана Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн гана ишке ашырылып жатат. Буга чейин ички каттамдар боюнча билеттердин баасы рыноктук принцип боюнча түзүлүп, жүктөмгө, мезгилге жана суроо-талапка жараша белгиленип келген. Мындан улам учуулар туруксуз, баасы боюнча көпчүлүк жарандар үчүн жеткиликсиз жана алыскы аймактардын жашоочулары үчүн өзгөчө оор болгон.

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун чечими менен мамлекет бул жааттагы туруктуулукту камсыздап, чыгымдардын бир бөлүгүн өзүнө алды.Демилге аймактардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга; ички туризмди колдоого; региондордогу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө; өлкөнүн резиденттери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Нарын, Талас, Казарманга каттамдар мурда жумасына 1 жолу аткарылчу. 4-январдан баштап бул багыттар боюнча жумасына 2 жолудан каттам аткарылат", - деп жазды Алагөзов.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы