Жаңы жылдан тарта автобустар накталай эмес төлөмгө өтөт

Жаңы жылдан тарта автобустар накталай эмес төлөмгө өтөт

2026-жылы Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспорт толугу менен накталай эмес төлөмгө өтөрүн "Биринчи радио" эфиринде "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров билдирди.

Анын айтымында, учурда төлөмдөрдүн 80%ы накталай эмес формада жүргүзүлүп, 20%ы накталай акча аркылуу төлөнүүдө. Бирок келерки жылы накталай төлөмдөрдөн толук баш тартуу пландалып жатат.

Мындан тышкары, 2026-жылы ишкана кыймыл интервалдарын, автобустардын каттамга чыгышын жана айдоочулардын абалын көзөмөлдөө үчүн электрондук диспетчерлештирүү системасын киргизет.

Талантбек Капаров автопаркты жаңылоонун алкагында АТРдин негизинде кошулган райондор үчүн дагы 300 автобус сатып алуу пландалып жатканын билдирди. Бул автобустар 2026-жылдын экинчи чейрегинде каттамдарга чыгат.

Учурда ишкананын балансында 1 523 автобус бар, алардын ичинен күн сайын 1 200дөн ашуун автобус 73 каттам боюнча каттамга чыгууда.

Ошондой эле пландарда:

  • өзүнчө тариф менен экспресс-автобустарды ишке киргизүү,
  • жеке ташуучулардын ордуна электромобилдердин негизинде муниципалдык такси түзүү каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Парижде Эйфел мунарасынын фрагменти 176 миң долларга чейин бааланды

Парижде Эйфел мунарасынын фрагменти 176 миң долларга чейин бааланды

Эйфел мунарасынын оригиналдуу тепкичинин бир бөлүгү Парижде аукционго коюларын  The New York Times маалымдайт. Бул фрагмент мунаранын экинчи деңгээлинен чокуга чыгууга мүмкүндүк берген винт сымал тепкичтин бир бөлүгү болгон. 1983-жылы бул конструкция демонтаждалып, 24 бөлүккө бөлүнгөн, алардын 20сы мурда аукциондордо сатылган деп жазат гезит. Бул бөлүк аукцион үйү тарабынан сатыкка

КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош шаарында 10 мектеп салына баштады

КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош шаарында 10 мектеп салына баштады

Бүгүн Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 жаңы орто мектептин курулушу башталды. Бул маанилүү ишчарага жергиликтүү эл, башкаруу бийлигинин өкүлдөр жана Президент Садыр Жапаровдун катышышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Белгилүү болгондой, 10 мектеп Турукташтыруу фондунун эсебинен курулса, мындан тышкары дагы 5 мектеп республикалык

УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады

УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады

Атайын кызматтан билдиришкендей, жактоочу А.М.Р. жаран М.У.М.нын ишенимине кирип, анын камактагы атасы А.М.М.га карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, абактан бошотууга көмөктөшүүнү убада кылган. Бул кызматы үчүн ал 15 миң доллар жана 200 миң сом өлчөмүндөгү каражатты алган. Бирок жактоочу өзүнө алган милдеттенмелерин

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барганын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды. Жапаров сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.