С.Жапаров: "Кыргыз армиясына жүздөгөн миллиард сомго заманбап техникалар сатылып алынды"

С.Жапаров: "Кыргыз армиясына жүздөгөн миллиард сомго заманбап техникалар сатылып алынды"

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайдын жүрүшүндө сөз сүйлөп, акыркы жылдары Кыргызстандын коргонуу тармагы олуттуу түрдө модернизацияланганына токтолду.

"Жүздөгөн миллиард сомго заманбап аскердик техника, авиациялык комплекстер, байкоо жүргүзүү каражаттары, жогорку тактыктагы коргонуу системалары, заманбап транспорт жана байланыш жабдуулары сатып алынды. Көп жылдардан бери биринчи жолу биздин армия XXI кылымдын талаптарына жооп берген заманбап жабдууларга ээ болду.

Бирок техника — бул иштин жарымы гана. Биз аскер кызматкерлерин даярдоо стандарттарын да жаңыладык, тартипти күчөттүк, социалдык колдоону жакшырттык", - деди өлкө башчы.

Президент белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз аскер кызматкери — заманбап технологияларды өздөштүргөн, аскердик антка берилген жана каалаган учурда Кыргызстанды коргоого даяр болгон адис.

"Биз мындан ары да армияны реформалоону улантабыз, жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоо багытындагы иштерди күчөтөбүз, өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтебиз жана өлкөнүн ички жана тышкы коркунучтарга туруктуулугун мындан ары да бекемдейбиз", — деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

Министрлер кабинети "Мамлекеттик финансы холдинги" ААКсына "Автомобилист" ААКынын кредитордук карыздарын жабуу эсебинен алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жер тилкеси менен кошо комплекстин аянты 15 миң чарчы метрден ашык болуп, ал Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

КРнын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө Жарлыктарына кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Президент кол койгон документтер КРнын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана жарандыктан ажыратуу маселелерин камтыйт. Бул чечимдер өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кабыл алынып,

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы "Премиум" жана "Пура" балык чарбаларына барып, тармактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш сапардын максаты — атамекендик балык тоютунун сапатын жана анын балыктын өсүшүнө тийгизген таасирин баалоо болду. "