Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушун УКМК көзөмөлдөйт

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушун УКМК көзөмөлдөйт

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушун УКМК көзөмөлдөрүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган жолдун курулушу менен таанышып жатып билдирди. Төраганын айтымында курулуш иши дээрлик 5 жылга созулуп кеткен.

"Биз бийликке келген 2020-жылдын декабрь айынан тарта бул маселе көтөрүлө баштаган. Бирок, беш жылдан бери айта берип, улам тапшырмалар жаңылана берип, бир да маселе чечилген жок. Президент өзү мага ушул бул жолду көзөмөлдөө тапшырмасын коюп, жөнөттү. Бүгүндөн тарта бул курулуп жаткан жолду жеке көзөмөлүмө алдым. Демек, бул иш УКМК кызматкерлерине тиешелүү болот.

Президент бир нече жолу тапшырмаларды койду. Андан бери 3-4 жолу транспорт министри алмашып кетти. Акчалар бөлүнүп, кошулуп берилди.

Биринчи жылдары бир чакырым жолду 800 долларга жасайбыз дегенсиңер. Ал бүгүнкү күндө 1400 долларга чыкты. Макул деп көтөрүп бердик. Дагы деле жасап бүтпөй жатасыңар. Силерге эмне керектигин түшүнбөй жатам.

Демек, бул жерде уюштуруучулук, аткаруучулук иштер жана мамлекет тарабынан көзөмөлдөө иштери начар болуп жатат. Жол жаңыдан салынып жаткан жок. 141 чакырым жолду кеңейтүү, стандартка шайкеш келтирүү тапшырмасы гана коюлган. Аны да аткара алган жоксуңар",-деди К.Ташиев.

Буга улай УКМК төрагасы бул иш боюнча катаал чара көрүү тапышрымасын бергенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы