Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Жыл башынан бери Баткен облусунда 50 миң 909 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Анын ичинде: 

  • мас абалында унаа башкарган — 1108 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган — 7798 айдоочу;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан — 268 айдоочу;
  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган — 1824 айдоочу;
  • автоээнбаштык кылган — 63 айдоочу;
  • жол белгилерине баш ийбеген — 14 063 айдоочу.
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6200 унаа убактылуу айып короого токтотулган. Ал эми аталган мыйзам бузуулардан мамлекеттик бюджетке 66 млн 517 миң 670 сом айып пул өндүрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүү туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таюнуу менен билдирди. Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын түзүмүндө дээрлик 50% үлүштү ээлеп, экономиканын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. Бул тармак экономикалык өсүшкө 4,82%дык

2025-жылдын IV чейрегинде төлөм системаларында 95 мүчүлүштүк катталган

2025-жылдын IV чейрегинде төлөм системаларында 95 мүчүлүштүк катталган

Кыргызстанда 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде төлөм системаларынын ишинде 95 штаттан тышкаркы жагдай катталган. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын талдоосунда айтылат. Маалыматка ылайык, мындай үзгүлтүккө учуроонун негизги себептери ар түрдүү болгон. Анын ичинен кызмат көрсөтүүчүлөргө байланышкан көйгөйлөр 42,11%ды түзсө, электр энергиясынын өчүшү 35,79% түзгөн. Аппараттык-программалык жабдуулардагы мүчүлүштүктөр 16,84%

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыш иштери боюнча күбө катары сурак берип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине таянып, “Кабар” агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин УКМКнын айрым мурдагы кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголуп, алар камакка алынган. Эске салсак, Камчыбек Ташиев 10-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан

Манас шаарындагы 6,8 млрд сомго курулуп жаткан филармония убактылуу токтотулду

Манас шаарындагы 6,8 млрд сомго курулуп жаткан филармония убактылуу токтотулду

Манас шаарында 6,8 млрд сомго салынып жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулганын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кечээ Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушканда билдирди. "Объекттин долбоору кайрадан каралып чыгып, кийинки этапта анын көлөмүн оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгү каралат”- деди