2025-жылдын IV чейрегинде төлөм системаларында 95 мүчүлүштүк катталган

2025-жылдын IV чейрегинде төлөм системаларында 95 мүчүлүштүк катталган

Кыргызстанда 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде төлөм системаларынын ишинде 95 штаттан тышкаркы жагдай катталган. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын талдоосунда айтылат.

Маалыматка ылайык, мындай үзгүлтүккө учуроонун негизги себептери ар түрдүү болгон. Анын ичинен кызмат көрсөтүүчүлөргө байланышкан көйгөйлөр 42,11%ды түзсө, электр энергиясынын өчүшү 35,79% түзгөн. Аппараттык-программалык жабдуулардагы мүчүлүштүктөр 16,84%, ал эми байланыш каналдарындагы үзгүлтүккө учуроо 5,26%ды түзгөн. Ошол эле учурда Улуттук банк бул жагдайлар олуттуу финансылык жоготууларга алып келбегенин жана рыноктун башка катышуучуларына таасир этпегенин белгилейт.

Мындан тышкары, SWIFT сервис-бюросунун иши туруктуу болуп, анын жеткиликтүүлүк деңгээли 100%ды түзүп, операциялык тобокелдиктер минималдуу деңгээлде сакталган.

Ал эми төлөм карталары боюнча санкциясыз операциялар катталгандыгы маалымдалууда. Улуттук банктын билдирүүсүнө ылайык, VISA карталары - 591, Mastercard - 61 жана «Элкарт» карталары - 50 мыйзамсыз операция жүргүзүлгөн. Жалпы суммасы 29 млн сомдун тегерегинде бааланган.

Санкциясыз ишке ашырылган

2025-ж.IV чейрек (саны)

2025-ж.IV чейрек (көлөмү, сом)

Бардыгы

702

28 962 860,36

Visa боюнча

591

25 403 235,04

MasterCard боюнча

61

2 176 640,97

Элкарт боюнча

50

1 382 984,35

Мындан сырткары, чет өлкөлүк банктардын карталарын колдонуу менен 13 санкциясыз операция катталып, алардын суммасы 383,7 миң сомду түзгөн.

💡
Санкциясыз ишке ашырылган операциялар аныкталган учурда, карта ээлери финансылык тобокелдиктерге дуушарлануусун азайтуу максатында банктар төлөм системаларынын эрежелерине ылайык доо арызы боюнча иш-аракеттерди жүргүзүшкөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды