Транспорттук көзөмөлдөөдөн казынага былтыр 1 миллиарддан ашык сом түштү
Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылы өлкө казынасына 1 млрд 167 млн 399 миң 800 сом түшүрүлгөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
2024-жылы бул көрсөткүч 398 млн 886 миң сомду, ал эми 2023-жылы 99 млн 200 миң сомду түзгөн.
Президенттин коррупцияга каршы аёсуз күрөш жүргүзүү тапшырмасына ылайык, транспорт министри Абсаттар Сыргабаев тез арада өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарда жана мобилдик топтордо иштеген кызматкерлерди боди-камералар менен камсыз кылууну тапшырды.
Натыйжада инспекторлорго бекитилген боди-камералар аркылуу бардык кыймыл аракеттер департамент тарабынан түз көзөмөлдөнөт.