Транспорт министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды
Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жылдык коллегиясы өттү. Жыйынга Министр Абсаттар Сыргабаев, орун басарлары, бөлүм башчылар жана министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Күн тартибинде жалпы 4 маселе каралып, 2025-жылдын жыйынтыктары жана 2026-жылга коюлган милдеттер тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле, министрликтин борбордук аппаратынын узап кеткен жыл ичиндеги жалпы иштери, аткаруу тартиби, жарандардын кайрылуулары тууралуу отчету угулду.
Коллегиянын соңунда жумушунда натыйжа көрсөткөн эмес жетекчилерге тартиптик чара колдонуу маселеси каралды.
Министр Абсаттар Сыргабаев тиешелүү жетекчилерге алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу тапшырмасын берди.



п