Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу 10-февралда башталат

Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу 10-февралда башталат

Кыргызстанда 10-февралдан тартып мамлекеттик автомектептерге онлайн каттоо жана жаңы программалардын киргизилиши башталат Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун басма сөз кызматы кабарлады.

Анын маалыматы боюнча, арыздар алгачкы каттоо үчүн гана онлайн форматта расмий  avtomektep.srs.kg сайты аркылуу кабыл алынат. Арыз берүү үчүн жеке маалыматтарды толтуруу, окутуу аймагын тандап, айдоочулук күбөлүктүн категориясын көрсөтүү талап кылынат. Андан соң электрондук арыз платформанын аркылуу жөнөтүлөт.

Онлайн арыз тапшыргандан кийин маалыматтар каралып, талапкерлер тандаган аймактагы мамлекеттик автомектепке кабыл алынат.

Курсанттар үчүн теориялык сабактар онлайн форматта өтөт. Ошондой эле бир нече окуу агымдары түзүлгөн, бул көп арыздарды камтуу жана автомектептердин ашыкча жүктөлүшүн болтурбоо үчүн жасалган.

Мындан тышкары, күн сайын жаңы мамлекеттик автомектептер кошулуп жатат. Реформа алкагында айдоочуларды даярдоонун жаңы программалары иштелип чыкты. Алар окутуунун сапатын жогорулатууга, коопсуз айдоо маданиятын калыптандырууга жана жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталган.

Программалар жол эрежелерин терең үйрөнүүнү, практикалык даярдыкты күчөтүүнү, заманбап тренажерлерди колдонуу жана транспорттук каражаттарды техникалык тейлөө негиздерин өздөштүрүүнү камтыйт.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча автомектептеги окуу мөөнөтүн кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Мамлекет башчынын иштерин башкарган Каныбек Туманбаевдин айтымында, тесттик режимде жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн курсанттар төрт айлык окуудан кийин тесттен өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн.

Тесттен жана экзаменден ийгиликтүү өткөн курсанттар бир жылдык убактылуу айдоочулук күбөлүк алышат. Бул убакыт ичинде жол эрежелерин бузбаса, аларга туруктуу айдоочулук күбөлүк берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен