А.Бакаев көчөсү Москва көчөсүнө чейин уланат

А.Бакаев көчөсү Москва көчөсүнө чейин уланат

Бишкек шаарында Бакаев көчөсү Москва көчөсүнө чейин узартылып, Бейшеналиева көчөсүнө чыгарын вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мэрия Бакаев көчөсүн темир жол өтмөгүнүн алдынан Бөкөнбаев көчөсүнө чейин ачкан. Кийинки этапта жолду дарыянын боюн бойлой Москва көчөсүнө чейин улантуу жана Бейшеналиева менен Москва көчөлөрүнө чыга турган көпүрө куруу пландалууда.

"Бул — иштердин экинчи этабы. Аны ишке ашырууга жакынкы убакта киришүү пландалып жатат", — деди вице-мэр.

Бакаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу сөз кылган Рамиз Алиев калган иштердин көлөмү болжол менен бир жумага жетерин белгиледи. Күн жылый баштаганда иштер жанданып, андан соң бул участок кыймыл үчүн ачылат.

Вице-мэрдин айтымында, көчөнү узартуу логикалуу транспорттук схеманы түзүү үчүн зарыл. Келечекте бир тараптуу кыймылды уюштуруу мүмкүнчүлүгү да каралууда: Бакаев көчөсү боюнча — түштүк багытта, ал эми Асаналиев көчөсү боюнча — түндүк багытта.

Ошондой эле ал Лев Толстой жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде транспорттук жол айрыгын куруу пландалып жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен