Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштерин “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары күнү-түнү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 11-февралга карата саат 08:30га Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу аймагында (03:40 тартып) оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык жана каттамдар жүрүүдө.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпоого, жол эрежелерин так сактоого жана унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы Ош базарына жеке менчик жерлер аркылуу көпүрө, жол салынат

Жаңы Ош базарына жеке менчик жерлер аркылуу көпүрө, жол салынат

Бишкек мэриясынын жетекчилиги, анын ичинде мэр Айбек Жунушалиев, Новопавловка аймагында жаңы Ош базарына баруучу жолду куруу боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Жеринде аткаминерлер келечектеги трасса өтө турган жер тилкелеринин ээлери менен жолугушту. Долбоордо базарга чыгышы бар, көпүрөсү менен толук кандуу жол куруу, ошондой эле аны түндүк айланма жол менен туташтыруу каралган.

Курулушчулар үлүшчүлөр тууралуу маалыматты беришпесе чара колдонулат – А.Шыкмаматов.

Курулушчулар үлүшчүлөр тууралуу маалыматты беришпесе чара колдонулат – А.Шыкмаматов.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда үлүшчүлөр тууралуу маалыматтарды алуу боюнча ведомствонун позициясын кескин билдирди. Ишкерлер жарандык кийимчен келип, соттун чечими жок эле кардарлардын тизмесин талап кылган инспекторлорго даттанышкан. Буга жооп кылып, Салык кызматынын башчысы ишкерлерди юридикалык талаш-тартыштарга барбоого чакырды. Анын айтымында, маалыматты жашыруу

Кайсы жерлерде балык уулоого болбойт? Адистер кооптуу аймактарды атады

Кайсы жерлерде балык уулоого болбойт? Адистер кооптуу аймактарды атады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Ведомствонун маалыматына ылайык, Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 14-июлундагы буйругу менен бекитилген эрежелерге ылайык, чыңалуусу 1000 вольттон жогору болгон электр тармактарынын коопсуздук зоналарында жана алардын астында ар кандай иш-чараларды жүргүзүүгө катуу

Ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүчү мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүчү мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Аталган долбоор Ислам банк иши жана финасылоо принциптерине байланыштуу Жарандык кодекстеги ченемдерди оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Илимбек Кубанычбеков белгилегендей, мыйзам долбоорунда мурабаха келишимдеринде менчик укугун түздөн-түз кардардын атына каттоого