Кайсы жерлерде балык уулоого болбойт? Адистер кооптуу аймактарды атады

Кайсы жерлерде балык уулоого болбойт? Адистер кооптуу аймактарды атады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 14-июлундагы буйругу менен бекитилген эрежелерге ылайык, чыңалуусу 1000 вольттон жогору болгон электр тармактарынын коопсуздук зоналарында жана алардын астында ар кандай иш-чараларды жүргүзүүгө катуу тыюу салынат. Бул адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратат.

Ошондой эле балык уулоого бир катар чектөөлөр киргизилген. Тактап айтканда, электр чубалгыларына, трансформаторлорго жана жогорку чыңалуудагы мамыларга 50 метрден жакын жерде балык уулоого болбойт.

Мындан тышкары, дарыялардын жана каналдардын оозуна жакын аймактарда, плотина, шлюз жана көпүрөлөрдүн жанында, ошондой эле суу астындагы магистралдык каналдарда жана мелиоративдик системаларда балык уулоого тыюу салынат.

Департамент жарандарды белгиленген эрежелерди так сактоого чакырып, коопсуздук талаптарын бузбоо маанилүү экенин эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу