Ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүчү мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүчү мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Аталган долбоор Ислам банк иши жана финасылоо принциптерине байланыштуу Жарандык кодекстеги ченемдерди оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан

Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Илимбек Кубанычбеков белгилегендей, мыйзам долбоорунда мурабаха келишимдеринде менчик укугун түздөн-түз кардардын атына каттоого уруксат берүү, кемүүчү мушараканы биргелешип мүлк сатып алуу формасы катары кеңейтүү жана ислам финансылык инструменттеринин тизмесин мыйзам алдындагы актылар аркылуу кеңейтүүгө мүмкүндүк берүү сунушталууда.

Талкуу учурунда депутаттар ислам каржылоосунун өзгөчөлүктөрүн жарандарга түшүндүрүү зарылдыгын белгилешип, айрым терминдерди мамлекеттик тилде колдонуу сунушун да көтөрүштү. Ошондой эле мыйзам долбоорунда келишимдердин шарттары так көрсөтүлүшү керектиги айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Саясий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгү 40%га жетти

Саясий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгү 40%га жетти

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун "Аялдардын лидерлиги" темасындагы Аялдар форуму өз ишин баштады. Иш-чара Кыргызстандын 2026-жылдагы ШКУга төрагалыгынын алкагында 26–27-июнда "Эне-Сай" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, форумга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар,

“Кыргызкөмүр” ишканасынын орун басары кызматтан бошотулду

“Кыргызкөмүр” ишканасынын орун басары кызматтан бошотулду

Мамлекеттик "Кыргызкөмүр" ишканасынын башкы директорунун орун басары Талант Скандербеков финансылык мыйзам бузуулар үчүн кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Кара-Кече" филиалындагы 24,9 миллион сомдук финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан бошотулду. Ички аудиттин жүрүшүндө аталган филиалда кассалык тартип одоно бузулганы аныкталган

Бишкек шаарындагы Шаты көчөсү оңдолууда

Бишкек шаарындагы Шаты көчөсү оңдолууда

“Бишкекасфальтсервис” муниципиалдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Шаты көчөсү Кара-Жыгач көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүүдө. “Бишкекасфальтсервис” муниципиалдык ишканасынын маалыматына ылайык, курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 616 метрди, туурасы 7 метрди түзөт. Долбоордун алкагында заманбап талаптарга жооп берген жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр

Кубанычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды

Кубанычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды

15-июнда Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунан маалымдашты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кубанычбек Конгантиевди март айында кармап, Ленин райондук соту аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал аффилирленген жеке