Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди.

"Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу көзөмөлдө", — деди ал.

Аскеевдин айтымында, кубаттоо процесси толугу менен автоматташтырылган жана Charge24 мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырылат. Бул тиркеме эсеп-кысап жана программалык камсыздоо үчүн колдонулат.

"Кубаттоо тиркеме аркылуу жүргүзүлөт. Айдоочу унаасын канча суммага кубаттагысы келерин көрсөтүп, автоунааны туташтырат, андан кийин процесс автоматтык түрдө уланат. Төлөм да тиркеме аркылуу жүргүзүлөт", — деди ал.

Анын айтымында, тиркемесиз станцияга жетүү мүмкүн эмес. "Кимдир бирөө келип эле өз алдынча туташып алат деген нерсе жок. Баары программа менен байланышкан", — деп белгиледи башкы директордун орун басары.

Мындан тышкары окуңуз

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты. Анда жетекчилер жеринде өндүрүш аймагынын ишин жандантуу маселелерин талкуулашты. Аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар ортого салынды. Учурда аймакка электр энергиясын жеткирүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

Курулуш компаниялары бирдиктүү салык төлөөгө өтүшү керектигин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бирдиктүү салык системасы курулуш компанияларынын ишин жеңилдетет. Ал эми курулуш компанияларынын өкүлдөрү бирдиктүү салыкка өткөндөн кийин салыктын ставкасы 10%га чейин өсүп кетиши мүмкүн экенине тынчсыздануусун айтышты. Шыкмаматов бирдиктүү

КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү

КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү

Эгерде 2025-жылдын жыйынтыгы менен КРнын Президентинин администрациясына келген кайрылуулар 8-9 % азайса, быйыл 1-кварталда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32% көбөйдү. Мындай маалыматты  Биринчи радионун түз эфиринде КРнын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча секторунун инспектору Жайылбек Дадиев билдирди. Анын айтымында, Президенттин администрациясына келген

Жаңы Ош базарына жеке менчик жерлер аркылуу көпүрө, жол салынат

Жаңы Ош базарына жеке менчик жерлер аркылуу көпүрө, жол салынат

Бишкек мэриясынын жетекчилиги, анын ичинде мэр Айбек Жунушалиев, Новопавловка аймагында жаңы Ош базарына баруучу жолду куруу боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Жеринде аткаминерлер келечектеги трасса өтө турган жер тилкелеринин ээлери менен жолугушту. Долбоордо базарга чыгышы бар, көпүрөсү менен толук кандуу жол куруу, ошондой эле аны түндүк айланма жол менен туташтыруу каралган.