Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз
16-февраль, саат 08:30га карата өлкөнүн ашууларында кар жаап жатат. Учурда жолдор ачык, каттамдар өз убагында аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды күнү-түнү көзөмөлдөп, кум-туз аралашмасын себүү жана жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол эрежелерин так сактоого, унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга жана керектүү шаймандарды кошо алып жүрүүгө чакырат.