Өткөн аптада 26 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
Өткөн аптада өлкө аймагында 26 916 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдайт.
Эң көп катталган жол эрежеси бузуу фактылары:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 2 974;
- Мас абалында унаа башкаруу – 427;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 151;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу – 627;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 751;
- Авто ээнбаштык – 22;
- Белгиленген ылдамдыкты ашыруу – 2 629;
- Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 4;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 628.
Ар кандай жол эрежелерин бузган 3 703 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ИИМ жол эрежелерин сактоону эскертет жана айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого, мас абалда унаа башкарбоого жана керектүү документтерди дайыма алып жүрүүгө чакырат.