Чыгыш айланма жолунда 2 транспорттук түйүн курулат
Бишкектин чыгыш айланма жолу долбоорунун алкагында 2 транспорттук түйүн куруларын Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев коллегиянын жыйынында билдирди.
Анын маалыматына ылайык, пландалган транспорттук түйүндөр Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсү жана Лев Толстой көчөсү менен туташат.
Бишкектин чыгыш айланма жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында курулуп жатат. Жолдун жалпы узундугу 16,7 чакырымды түзөт. Анын ичинен Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл өкмөтү жана Жайылма айыл өкмөтү аркылуу өткөн бөлүгү 14,2 чакырымды түзөт.
Мындан тышкары, жол Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтү аркылуу 2,5 чакырымга созулуп, Ахунбаев көчөсү менен биригет.