Тоң районундагы Ак-Терек–Дөң-Талаа унаа жолу кеңейтилип, оңдолууда

Тоң районундагы Ак-Терек–Дөң-Талаа унаа жолу кеңейтилип, оңдолууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек–Дөң-Талаа унаа жолунда орто оңдоо иштери башталды. Аталган жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Азыркы учурда 10–11,5-чакырым аралыгында жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, сел сууларына каршы арыктарды казуу жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотууга даярдык иштери аткарылууда.

Долбоор Капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржыланып, иштерди "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасына караштуу №33 Жол тейлөө ишкана филиалы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери жолдун сапатын жогорулатууга жана узак мөөнөттүү пайдаланууну камсыздоого багытталган. Бардык иштер бекитилген долбоордук-сметалык документтерге жана техникалык талаптарга ылайык аткарылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет

Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет

Бишкекте коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилерин мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөргө өтүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо жана бириктирүү, бирдиктүү төлөм документин түзүү, биллинг системасын өнүктүрүү жана толугу менен санариптик форматка

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандын камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлери акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду. Документ менен камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби бекитилип, актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлери үчүн милдеттүү каттоо киргизилет. Бул каттоосуз өлкө аймагында иш жүргүзүү мыйзамсыз болуп калат. Реестрге киргизүү үчүн белгиленген төлөмдөр каралган.

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

МинКаб Байтик Баатыр айыл аймагы аймагындагы 10 гектар жерди айыл чарба багытындагы жер категориясынан калктуу конуштардын жер категориясына өткөрдү. Тиешелүү №208 токтом 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынган. Документке ылайык, ал жер Карганбек Самаковго таандык. (ЖК КРнын V чакырылышынын мурдагы депутаты). Сөз №202 контур (аянты 4,37 га) жана №411 контур (аянты

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров илим тармагын реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Документ ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле илим, билим берүү жана өндүрүш ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө багытталган. Жарлыкка ылайык,  Улуттук илимдер академиясы, анын илимий мекемелерине, ошондой эле министрлер кабинетине караштуу илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, мамлекеттик