Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда жаңы көзөмөл пункту курулат

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда жаңы көзөмөл пункту курулат

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун "Арал" транспорттук көзөмөл пунктунун (Жумгал району Арал айылы) түндүк тарабында жаңы транспорттук көзөмөл пунктун куруу чечими кечээ өткөн Транспорт министрлигинин аппараттык жыйынында кабыл алынды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жаңы транспорттук көзөмөл пунктунун ачылышы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмактык жана габариттик ченемдерди сактоосун көзөмөлдөөгө, ошондой эле унаа жолдорунун бузулушунун алдын алууга багытталган.

Мындан тышкары, бул чара мыйзамсыз жана ашыкча жүк ташууларды кыскартууга, жол инфраструктурасын сактоого жана транспорт тармагындагы тартипти чыңдоого өбөлгө түзөт.

Ошондой эле республика боюнча иштеп жаткан транспорттук көзөмөл пункттарында көп жылдардан бери жүргүзүлбөй келген капиталдык оңдоо иштерин этап-этабы менен ишке ашыруу каралууда.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган курулуш жана оңдоо иштери президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланат.

Мындан тышкары окуңуз

Батыш, Чыгыш, Түштүк ЧЧКлары бетондолот

Батыш, Чыгыш, Түштүк ЧЧКлары бетондолот

"Агродиалог" форумунда Бакыт Төрөбаев дыйканчылыктын өздүк наркын төмөндөтүү жана суунун жоготууларын азайтуу максатында Чоң Чүй каналдарын этап-этабы менен бетон менен каптоо пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк айыл чарба продукциясынын баалары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Мисалы, фасольдун дүйнөлүк базардагы баасы 1600 доллардан 900 долларга чейин түшүп

Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү

Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин Ош облусу боюнча башкармалыгы адистери Араван районундагы “Бирлик” үрөн чарбасынын талаасына иш сапары менен барышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аталган чарба 2025-жылдын күзүндө жогорку маржиналдуу жашылча өсүмдүктөрү болгон — пияз жана сарымсактын түрлөрүн сепкен.

"Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды

"Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы "Тамчы" Атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Кызматташынын айтымында, долбоор өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн өтө маанилүү жана бул аймак эл аралык финансы борбору, глобалдык капиталды, финтех жана IT-инновацияларды тартуучу, ошондой эле заманбап логистикалык хабга

Ош шаарынын эски базарынын орду маданий аянтча болот

Ош шаарынын эски базарынын орду маданий аянтча болот

Ош шаарында жаңы мэр Жанарбек Акаев мурда эски базар жайгашкан аймактын келечеги тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, бул жерге базар кайра кайтарылбайт — чечим биротоло кабыл алынган. Акаев шаар бийлиги бул аймакты кайрадан башаламан соода жайына айлантууга жол бербей турганын баса белгиледи. "Бул жерде эч кандай базар болбойт. Кийим-кече соодасы